• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаровдун Түркияга болчу расмий иш сапарынын деталдары талкууланды

27 Бугу 2021 13:27 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын, 26-майында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев министр Чавушоглу менен Кыргызстандын пезиденти Садыр Жапаровдун алдыда боло турган расмий иш сапары, КР менен ТРнын Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйынын үстүбүздөгү жылдын июнь айында Анкара шаарында өткөрүү маселесин талкуулашты.

Анда тышкары, элчи менен министр эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашкан.

Количество просмотров: 126