• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаровдун уулу каза болгон кырсыктын дагы бир видеосу жарыяланды

27 Баш оона 2019 15:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.09.2018.Govori.TV

Жол кырсыгы Көк-Жар айылында 22-август күнү болгон. Садыр Жапаровдун уулу Дастан бурулуп жаткан унааны барып сүзгөн.

Дүкөндүн видео байкоосуна кырсык кандайча болгону түшүп калган. Кадрдан жаш үй-бүлө кичинекей баласы менен дүкөндөн чыгып, Toyota Matrix үлгүсүндөгү унаага отурганын көрүүгө болот. Андан соң айдоочу бир унааны өткөрүп жиберип бурула баштаганда, мотоцикл келип сүзгөн.

Абактагы Садыр Жапаров уулуна топурак салуу үчүн бошотулду
Ошондой эле унаа мотоцикл менен кагышкандан кийин бир нерсени тебелеп кеткени байкалат. Күбөлөрдүн айтымында, ал мотоциклдин айдоочусу болгон. Мындан сырткары, кадрдан бир нече адам токтоп турган унаанын алдын карап жатканы байкалат. Күбөлөрдүн айтымында, алар унаанын алдынан мотоциклдин артында отуруп келе жаткан кызды алып чыгышкан.

Камактагы саясатчынын улуу баласы Дастан Садыр уулу 26-август күнү ооруканадан көз жумган. Ал 22-август күнү 7-Апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ал эми Дастан учкаштырып бараткан кыз Чүй аймактык ооруканага түшкөн. Башкы дарыгер Бакыт Болотбековдун айтымында, анын баш сөөгү, көкүрөгү жабыркап, бетинин сөөгү сынып кеткен.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 842