• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаровдун жардамчысынан акча талап кылган мурдагы чиновник кармалды

7 Аяк оона 202317:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун жардамчысынан 300 миң доллар опузалаган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү катары Инвестицияларды коргоо агенттигинин мурдагы директору А.Д.Б. кармалган. Ал президенттин жардамчысынан, ага тиешелүү чагымчыл материалдар бар, аны ММКларга чыгарам деп коркутуп, 300 миң доллар опузалаган деп шектелүүдө.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап акча талып кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКдан билдиришкендей, шектүү 6-сентябрда опузалаган акчасынын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Количество просмотров: 873