• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапония өзгөчө кырдаал маалында жарандарга айына миң доллардай төлөп берет

17 Чын куран 2020 9:26 Бишкек Govori.TV

Жапония бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө кырдаал киргизди.

Премьер-министр Синдзо Абэ 16-апрелде телекайрылуу жасап, мындай режим кеминде 7-майга чейин өкүм сүрөрүн айтты. Ал муну вирус тарап жатканы менен негиздеди.

Өкмөт башчынын айтымында, оору жуктургандардын санын кыскартуу үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80 пайызга чейин азайтуу зарыл. Өзгөчө кырдаал маалында өлкөнүн ар бир жаранына ай сайын миң доллардай төлөнүп турат.

17-апрелде Жапонияда коронавирус жуктургандардын саны 9 миңден ашты, 190 киши көз жумду.

Дүйнө жүзүндө вируска чалдыккан кишилердин жалпы саны 2 миллион 182 миңден жогорулады, 145 миң адам каза болду. Ушул тапта АКШ, Улуу Британия жана Францияда абал оор.

Количество просмотров: 87