• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондор 60тан ашты

3 Үчтүн айы 2024 17:11 Бишкек Govori.TV

Жапонияда катуу зилзаладан набыт болгондордун саны 3-январда 62ге жетти. Ондогон адамдар жараат алды. Бийлик бул сан куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда болгон. Исикава префектурасында ондогон имараттар талкаланып, миңдеген тургундар электр жарыгысыз калды.

Жапон өкмөтү билдиргендей, кооптуу аймактардан эвакуацияланган 100 миңдей адам мектептерде жана спортзалдарда түнөштү. Жабыркаган аймактарга алып барчу кан жолдордун баары бузулгандыктан, куткаруучулар жана дарыгерлер жете албай жатат.

АКШ, Британия зилзаланын кесепеттери менен күрөшүүгө жардам сунуштады.

Жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Жапониядагы элчилигине шилтеме берип кабарлады.

Жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн кыргызстандык беш жаран баш калкалоочу жайларга эвакуацияланган.

Количество просмотров: 363