• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84кө жетти

5 Үчтүн айы 2024 16:18 Бишкек Govori.TV

1-январда катталган Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84 кишиге жетти. Бул тууралуу NHK телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, 4-январда Исикава префектурасында 84 кишинин өлүмү ырасталды. Мындан тышкары аймактын дагы 300дөн ашык тургуну олуттуу жаракаттарды алган.

Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары, кайыктар талкаланган.

Количество просмотров: 224