• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапыкеев акыркы 2 айда мамлекетке канча каражат өндүргөнүн айтты

10 Бештин айы 2020 12:42 Бишкек Govori.TV

Акыркы 2 айдын ичинде 17 млн 277 миң сом зыян аныкталып, анын 10 млн сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешменин жыйынында айтты.

Анын айтымында, коррупциялык көрүнүштөр ИИМде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка мамлекеттик органдарда катталууда.

«Үстүбүздөгү жылдын акыркы 11 айында 5987 сотко чейинки өндүрүш кабыл алынды. Анын ичинен 1792 кызматтык жана коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштери. Аталган категориядагы иштер боюнча 231 кызматкерге шектүү катары кабарлама берилди. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 млд сомду түздү. Анын ичинен коррупциялык иштер боюнча 67 млн сомду түзүп, 42 млн сом өндүрүлдү. Мисал катары айта кетсем, акыркы 2 айдын ичинде аталган кылмыш иштер боюнча 17 млн 277 миң сом зыян аныкталып, 10 млн сому өндүрүлдү. Ошондой эле мурунку аткаминер Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди»,-деди Жапыкеев.

Количество просмотров: 9258