• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапыкеев «Ата-Мекен» баш болгон бир катар партияларга эмнеге нааразы болду? (видео)

8 Аяк оона 2020 15:42 Бишкек Govori.TV

7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы Бишкек шаардык админстративдик сотунда каралып, аны 9-сентябрда кароо уланмай болду.

Анда соттун имаратынын алдына партиянын өкүлдөрү, тарапташтары жана «Бүтүн Кыргызстанды» колдоо максатында башка партиялардын өкүлдөрү да келген.

Алардын арасында «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев да барган. Ал шайлоого аттанган бир катар партияларды оппоциячыл партиялар деп атап, бирин-бири колдоосу керек деп эсептейт.

«Сотко акыйкаттык деп келдик, калыстык, адилеттүүлүк деп келдик. Эмнеге ушул жерде «Ыйман нуру», » Замандаш», » Ата-Мекен», «Бир Бол» эмнеге жок бул жерде», -деп жар салды Жапыкеев.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Буга чейин Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын караган.

Количество просмотров: 5292