• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Жапыкеев, Бекназаров, Мадумаров… «Кемпир-Абадды» коргоо комитетине кимдер кирди?

22 Тогуздун айы 202222:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу комитеттин мүчөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, Кемпир-Абадды коргоо комитети 2022-жылдын 15-октябрында Өзгөн шаарында өткөн курултайда кабыл алынган токтомдун негизинде түзүлгөн. Ассоциациянын курамына саясатчылар жана партия мүчөлөрү, активисттер кирди.

Комитеттин курамына:

  • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мамбетжунус Абылов;
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров;
  • Конституциялык соттун экс-мүчөсү Клара Сооронкулова;
  • ЖК депутаты Исхак Масалиев;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
  • атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев;
  • Активист Гүлгакы Мамасалиева;
  • Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
  • экс-депутат Эркингүл Иманкожоева;
  • саясатчы Равшан Жээнбеков;
  • экс-депутат Ыргал Кадыралиева;
  • Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Бектур Асанов;
  • экс-депутат Кубанычбек Кадыров;
  • укук коргоочу Рита Карасартова;
  • саясатчы Жеңиш Молдокматов;
  • жарандык активист Перизат Суранова;
  • экс-депутат Канат Исаев;
  • Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев;
  • экс-депутат Орозайым Нарматова жана башкалар кирген.

Белгиленгендей, комитет жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга ачык. Катышуучулардын тизмеси жаңыланат.

Количество просмотров: 1593