• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапыкеев менен Шыкмаматов Башкы прокурордун ордун талашабы?

6 Тогуздун айы 2020 12:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Сыймык Жапыкеев Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу маалымат айтылды.

Саясатчы өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу Башкы прокуратуранын имаратынан элге ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/100013331617919/videos/1086417885145922/?t=87

Буга чейин «Бир бол» партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Алманбет Шыкмаматов жаңы түзүлгөн координациялык кеңеш тарабынан Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганын жергиликтүү басылмалар жазган.

Шыкмаматов жакынкы саатта Коопсуздук Кеңешинин катчысы, өлкөнүн коопсуздук тармагына кураторлук кылып жаткан Өмүрбек Суваналиев жана ИИМ коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу аракетин көрө турганын кошумчалаган.

Мындан сырткары ал парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча иш ачыларын жана мурдагы бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовго карата да кылымыш иши козголоорун 24.kg агенттигине билдирген.

«Райымбек Матраимовду, Искендер Матраимовду, Тилек Матраимовду камоо боюнча санкциялар чыгарылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоодо массалык фальсификацияга жол бергендер да кармалат», — деп айткан Шыкмаматов.

Социалдык түйүндөрдө «Чоң Казат» партиясынын тарапташтары Башкы прокурордун милдетин аткарууга Сыймык Жапыкеевди алып келүү аракетин көрүшөт, себеби Шыкмаматов алардын купулуна толбой жаткандыгы тууралуу кептер айтылууда.

Количество просмотров: 326