• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапыкеев өзүнүн камалышы тууралуу маалыматтарга жообу…

4 Бирдин айы 2021 11:59 Бишкек Govori.TV

Айрым ишкерлер буга чейин Каржы полициясынын башчысына каршы көрсөтмө берген деген маалымат бар. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев камалышы мүмкүн. Айрым ишкерлер буга чейин Каржы полициясынын башчысына каршы пара талап кылуу жана ири суммадагы пара алуу фактысы боюнча көрсөтмө беришкени», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми бул маалыматка Сыймык Жапыкеев «бул эмне деген билдирүү» деп комментарий калтырган.

Нет описания.

Эске салсак, жаңы дайындалган өкмөттүн түзүмү кыскарган. Маалыматтар боюнча Финансы полициясынын функциялары ИИМдин карамагына өтө турганы айтылган.

Ал эми өкмөт башчы Финпол бүгүн, эртең жоюулат деген сөз болбогонун айтып, бирок каралып жатканын кошумчалаган.

Жапыкеев соцтармак аркылуу билдирүү жасап, «Баары башкача кетип жатат, Финпол жеңилип калабызбы?», — деген оюн айткан эле.

Количество просмотров: 20400