• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапырт камоолор: Улукбек Маматаев камакта калтырылды

10 Жетинин айы 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык соту активист Улукбек Маматаевдин баш коргоо чарасын карады.

Жактоочу камоо мыйзамсыз жана негизсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, милиция кызматкерлери айыпталуучунун укуктарын бузушкан. Мамлекеттик айыптоочу кармалган адамды камакта калтырууну суранды.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судьялар чечимди окуду, ага ылайык Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 72