• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапырт уулануу: «Империя пиццы» кафеси иштеп баштады

1 Жетинин айы 2021 11:27 Бишкек Govori.TV

«Империя пиццы» кафесинин Бишкектеги бардык филиалы учурда иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында кафе текшерилип, айып салынган. «Империя пиццы» менюсунан Жапон ашканасын жана балыктардан жасалган тамактарды убактылуу чыгарып салган.

Эске салсак, 23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 29-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 318ге жетти. Кайрылгандар “Империя пиццынын” кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан.

Количество просмотров: 125