Жума күнү, 25-февралда азыркы учурда жардыруулардан сактануучу жай катары колдонулуп жаткан Киев метросунда ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу «УНИАН» Telegram каналы маалымат жайгаштырып, ымыркайдын сүрөтүн чыгарган.
Жарыяланган маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн кызга ата-энеси Мия деген ысым ыйгарышкан.

Белгилей кетсек, учурда Киев шаарында бир нече метролордо адамдар сактануу аракетин көрүп башкалкалап жатышканын кабарланган.