• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жарандык активист чек ара чырына байланыштуу пикетке чыкты

13 Чын куран 202217:33 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы чырга байланыштуу тажик бийлигин сындап 13-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги (БУУ) кеңсесинин алдына пикетке чыкты.

Ал Тажикстан тарап чек арада курал колдонуу менен чыр-чатак чыгарып жатканын айтып, буга Бириккен Улуттар Уюму реакция кылышы керек деп эсептейт.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Количество просмотров: 157