• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жарандык активист ЕККУ менен БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө нааразы

4 Бугу 2021 14:25 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жана Бириккен улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына митингге чыкты. Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында акцияга чыкканын белгиледи.

«Тажикстанды 30 жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон эгемен Кыргызстан мамлекетине туура эмес мамиле жасады. Ошол кишинин буйругу дейбизби, өрүкзарлуу Баткендеги тынч жаткан элге кол салынып, канчалаган адамдарды кайгыга салды. Жарандык активист катары өлкөбүздүн борборундагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Бириккен улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына 2 күндөн бери митингге чыгып жатам. Эмомали Рахмон Кыргызстандын элине кол салды. Аскердик агрессия үчүн Эл аралык сот алдында жооп берүүгө тийиш. БУУнун Баш Катчысы Кыргызстанга келип, окуя болгон аймакты көрсүн. Так позициясын айтып, каңырыгы түтөп турган элге моралдык колдоо көрсөтсүн. Аскердик агрессия жасаган Тажикстандык жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшсүн. Ачык эле айтыш керек бизде эл аралык уюмдар көпчүлүк учурда карманып туруу позициясын ээлешет. Башкалар эмне дейт? деген сыяктуу ишарат кылышат»,-деди активист

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Учурда ооруканаларда 100 киши жатат.

Количество просмотров: 81