РФ Мамдумасынын депутаты Борбордук Азиядан келген мигранттарга Орусиянын жарандыгын берүүнү токтотууну сунуш кылды.
«Справедливая Россия — За правду» фракциясынын депутаты Сергей Миронов 30-августта Борбордук Азиядан келген мигранттарга жарандыкты берүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылгандыгын «Парламентская газета» жазды.
Сергей Мироновдун пикири боюнча, Орусиянын улуттук коопсуздугун коргоо үчүн «гастарбайтерлерди массалык түрдө паспорттоштурууну» токтотуу зарыл.
Ал мындан тышкары мигранттарга Орусияда жашоого укук берген документтерди мыйзамсыз бергендиги үчүн 7 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартууну да сунуш кылганы белгилүү болду.