Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды.
Ишти караган судья Ильязбек Тажыбаев Токтонасыровду күнөлүү деп таап, 100 миң сом өлчөмүндө айып салды.
Чечимдин алдында Токтонасыровго акыркы сөз берилип, төмөндөгүлөргө токтолгон.
«Мага карата козголгон кылмыш иши башынан эле туура эмес болчу. Жарандык активист, укук коргоочулук ишиме бут тосуу. Кыргызстандын эркин жараны катары өз пикиримди айтууга эмне үчүн тыюу салышат? 30-мартта иш козголгонун узак мөөнөткө чейин билген эмесмин. Коюлуп жаткан беренеге караманча каршымын, эч кандай айыпкер эмесмин. Урматтуу сот, чекитти туура коюңуз жана акыйкат чечим чыгарыңыз»,-деди ал.
Кечээ прокурор Мырзасапарова жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган.
Эске салсак, Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.