Бишкек.13.12.2018.Govori.TV
Жарандык активисттер Кыргызстандын бийлигине 2019-жылды “Балдар жылы” деп жарыялоону сунушташты. Бул тууралуу маалымат жыйында «Балдар укуктарын коргоо лигасы» фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда балдар көйгөйү реалдуу чечимдерди күтүп жатат. Бүгүн кыргызстандын 35 % (2 миллион 312 миң) балдар түзөт. 12 миңге жакын бала интернаттарда тарбияланууда. Алардын камкордукка алынууга мүмкүнчүлүгү жок. 29,9 миң бала ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер.
«Учурда колонияда 25 бала бар. Эркиндиктен чектелген жайларда балдарды кармоо шарттары эл аралык стандарттарга туура келбейт. Өлкөдө эмгектенген балдар бар. Балдардын 11 % ата-энелеринин бирөө же экөө тең чет жерге иштегени кетишкен», -деди Назгүл Турдубекова.