Бүгүн, 25-январда республика аймагында электр жарыгынын өчкөнүнө байланыштуу Чуңкурчак тоо лыжа базасында эс алуучулар асма жолдо калышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, жарандар асма жолго генератордун жардамы менен ток берилгенден кийин түшүрүлгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчтү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.