Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жол өлкө башчысы Садыр Жапаров катышуусунда расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Асма жолдун узундугу — 1 чакырымды түзөт. Анда 10 киши батчу 16 фуникулёр кабина орнотулган. Анын экөө VIP-конокторго арналып, 4 кишиге ылайыкташкан. Жогорку станциясы — 2494 м бийиктикте, төмөнкү станциясы — 2166 м бийиктикте жайгашкан. Кызмат кылуу мөөнөтү 50 жыл деп мерчемделген. Саатына миң адамды тоо башына жеткире алат.
Асма жолдун жогорку станциясына 20 A-frame үй жана 3 кабаттуу эко мейманкана курулууда.
Эскерте кетсек, курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган. Иштерди асма жолдорду долбоорлоо, куруу жана тейлөө боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири — австриялык Doppelmayr компаниясы аткарды.
Маршруттун жалпы узундугу 23 чакырымды түзөт. Учурда курулуштун биринчи этабы аяктады.
Бул долбоорлор санариптештирүү жана экологияга аяр мамиле жасоо деген принциптер менен ишке ашырылып келүүдө.