• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жарым миллион доллар пара алган аткаминер кыргызстандыктарды таң калтырды

6 Бештин айы 2018 20:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев пара алууга шектелип кармалды. Тактап айтканда, 5-декабрь күнү УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов болуп өткөн окуя тууралуу төмөндөгүдөй оюн билдирип, өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерде Италиянын компаниясы утуп чыкканын “Азаттыкка” билдирген.  Ал орун басары Нарындын Эпкин — Баш-Кууганды аймагындагы жолду курууга өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кармалганын кошумчалады.
 Ал жерде тендердик комиссиянын төрагасы Жусубалиев болгон. Ал жерде Экономика, Каржы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү бар болчу. Тендер өтүп, ал жерде италиялык бир фирма жеңүүчү болуп табыллган. Келишимге кол койгонбуз. Ал азыр кышкы эксплуатация кылып, жазгыга даярданып жатат. Калганын мен деле Интернеттен окудум.
Буга чейин пара менен бир топ чиновниктер кармалып, алды акталып чыгып жаткандыгы белгилүү. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков баш болуп, айласыздан саткындар деп атап, алар менен күрөшүү күндүн маанилүү маселеси болууда. Тилекке каршы катарлары азайбай келет.
Премьер-министрдин квотасы болгондуктан министрдин орун басарын кызматка премьер-министр коет. Нормалдуу мамлекетте, премьер министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керек. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Чындыгында дүйнөлүк практикада мындай чуулгандуу окуянын аркасы менен бир Өкмөт отставкага кеткен учурлар бар.

Количество просмотров: 31