• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жасалма документ менен «Росинбанктан» 3,3 миллиард сом сыртка чыгарылган

1 Кулжа 2018 11:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы «Россинбанктын» кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат бөлүмү билдирди.

Финпол бул боюнча  бир нече кызмат адамдар менен банктын кызматкерлерине карата документтерди жасалмалоо жана кирешени адалдоо боюнча материалдарды топтоду. Жыйынтыгында банктын башкаруучулугунун жетекчисинин биринчи орун басары А.Г. кармалып, ал соттун чечими менен тергөө аягына чейин камакка алынды.

Анда алар салык төлөбөштүн айласын көрүп, тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенип жатат деген шылтоо менен жасалма документтердин негизинде келип түшкөн акча Россиядагы жана Сейшел аралдарындагы чет элдик компаниялардын эсебине которулуп турган.

Маалыматта «Аталган компаниялардын эсебине «Росинбанктан» 3 миллиард рублдан ашык (3,3 миллиард сом) каражат которулган»-деп жазылат.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү кызмат абалын кыянаттык менен колдонушу, документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз жол менен келген акчаны адалдөө беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул боюнча «Росинбанк»  түшүндүрмө бере элек.

Количество просмотров: 13