Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Кыргызстандагы жаш активисттер «Жаңы Дем»аталышындагы кыймыл түзүштү. Бул тууралуу Улан Үсөйүн Govori. TV мультимедиялык агенттигине билдирди.
“Топту түзгөн жаштар азыр жолугуп жатабыз. Биз кырдаалга, маалыматка жараша аракет кылабыз. Биз Атамбев же Жээнбековду колдогондордон эмеспиз. Азыр топко 1000дей адам кошулду. Алар кандай кадам болот деп күтүп жатышат. Биз кандай гана кырдаал болбосун тынчтыкты сактоого аракет кылабыз”,-деди Улан Үсөйүн.