Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.
Жаш Гвардия проспектиси менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафе өрт чыкты. Болжол менен кафе №9 мектептин жанында КТРКнын маңдайында орун алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган жана ӨКМдин куткаруучулары келген.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда, өрт чыккан аймак курчалды. Жаш Гвардиянын бир тарабы жабылды.
Ушул тапта өрт өчө элек.
Өрт чыккан жерде «Govori.TV» агенттигинин кабарчысы иштеп жатат.