• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Жаштардын түбүнө жете турган болду». Депутат онлайн кумарканаларды текшерүүнү сунуштады

26 Аяк оона 202414:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев парламент жыйынында өлкөдөгү онлайн кумарканаларды текшерип чыгууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, онлайн казинолор жаштардын түбүнө жете турган болду.

“Өткөндө бир жигит билдирүү жасап, онлайн кумарканага 300 миң доллар уттуруп койгонун айтты. Ата-энеси ыйлап, үйүн сатууга аргасыз болуп турганын, алты баласы менен көчөдө каларын айтып жатат. Бул жерде кылмыштуу топ болушу мүмкүн. Ал жигитке ким жөн эле 300 миң доллар карыз берсин? Ушул жагдайды текшерүү керек”, — деди Эгембердиев.

Количество просмотров: 117