• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Жашыл мурас»: 1 миң 177 гектар жерге экме токой отургузулду

13 Аяк оона 2022 12:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанды «жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында мамлекеттик токой фондунун аймагына 1 миң 177 гектар жерге экме токой отургузулду. Бул тууралуу Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Токой чарба кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев билдирди.

Ал белгилегендей, ​​​​​​анын ичинде:

  • мамлекеттик токой фондусунан тышкаркы аймакта 60 гектар аянтка экме токой отургузулган;
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында 163 миң 803 даана жемиш бактарынын көчөттөрү бөлүнүп берилген.

«Калктуу конуштарды жашылдандыруу максатында республиканын токой чарбалары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга 687 көчөт берилген», — деди ал.

Количество просмотров: 76