• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жашыруун иш-чара өткөргөн кафелер аныкталды

10 Аяк оона 202017:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда той-мааракелер өтүүчү кафе-ресторандарга рейд жүргүзүлдү.

Анда Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Азия» кафесинин администрациясы айыпка жыгылды. Кафелерде санитардык нормалар сакталган эмес.

Ага ылайык Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүп, мыйзам талаптарын жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертмелерди берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өткөн. Анда биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алып жатканын белгилеп, көзөмөл менен талаптарды күчөтүү керектигин айткан.

Количество просмотров: 124