Бишкек.04.08.2018. Govori.TV.
Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
4-августа саат 19:31де Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:39да Жалал-Абад шаардык №20 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:53тө №20 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Жалпы 3 бөлүм.
Өрт саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 20:40та толук өчүрүлгөн.