Бүгүн адабият таануучу, жазуучу жана публицист Дүйшөн Керимов 68 жашында акыреттик сапарга кеткени белгилүү болду.
Дүйшөн Керимов бир нече чыгармалардын, тарыхый эскерүүлөрдүн автору эле. Адабият айдыңында жакшы менен жаманды, чыныгы талант менен халтураны айырмалай билген аз сандагы адабият таануучунун бири болчу.
Ал акыркы кездерде КР Президентине караштуу Тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргыз тил» гезитинин баш редактору болуп эмгектенип келе жаткан.
Дүйшөн Керимовду акыркы сапарга узатуу Таш-Дөбө айылында, 9-ноябрда боло турганы кабарланды.