• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев каза болду

25 Чын куран 202111:36 Бишкек Govori.TV

Кыргыз эл жазуучусу, драматург жана эң жогорку Кыргыз эл баатыры наамынын ээси Бексултан Жакиев каза болду. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Эмгек жолун 1963-1968 жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор болуп баштаган.

Жакиев «Атанын тагдыры» пьесасы менен кыргыз совет адабиятына өзгөчө таланттуу драматург катары таанылган.

Количество просмотров: 381