• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет

16 Теке 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

22-23-июль күндөрү айтылуу Каркыра жайлоосунда Кыргыздын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыздын улуттук театры менен киносунун жаркын таланты, улуу актер Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракеси белгиленет.

Маараке эки күнгө уланып, эки күн бою Манас айтылып, төкмө акындар төгүп, айтыш өнөрү тартууланат. Ошондой эле улуттук оюндар ойнолуп, чоң программадагы салтанат менен коштолот. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышат.

Жалпы улуттук оюндарга байгелер: 6 автомашина, акчалай сыйлыктар жана төкмө акындардын айтышына 1 млн.сом каралган.

Мааракеге Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышат.

«Иш-чаранын экинчи күнү – 23-июлда мамлекет башчысы Садыр Жапаров барат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 214