КР Улуттук Жазуучулар союзу Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына, Алымбек датканын 225 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, “Алымбек датка Асан бий уулу” коомдук кайрымдуулук фондунун атынан адабий сынак жарыялайт.
Чыгармалар 2024-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат. Конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 2024-жылдын 5-ноябрына чейин ишке ашырылат. Адабий сынак Бишкек шаарында 2024-жылдын 6-ноябрында жыйынтыкталат жана иш-чара өтө турган жайдын дареги кийинчерээк жарыяланат.
Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
Жеңүүчүлөргө сынактын уюштуруучулары тарабынан поэзия, проза, драматургия боюнча 1-орунга 50 000 сомдон үч сыйлык, 2-орунга 30 000 сомдон үч сыйлык, 3-орунга 20 000 сомдон үч сыйлык жана дипломдор ыйгарылат.
Сынактын сыйлык фонду 300 000 сомду түзөт:
Толук маалымат алуу үчүн Жазуучулар союзуна кайрылуу зарыл.