• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖЭБтеги аварияга ким күнөлүү? Сапар Исаков кара тизмени жарыялады

10 Чын куран 2018 12:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.04.2018.Govori.TV.
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 10-апрелде, үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча өкмөттүн 2-февралдагы буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун карап чыгуу менен тийиштүү мамлекеттик органдарга анын чечимин аткарууну тапшырды. Тактап айтканда, республиканын жылуулук менен камсыздоо тутумунун ишинин туруктуулугун жогорулатуу жана келечекте мындай абалдын жаралышына жол бербөө, энергетика жаатындагы мыйзам базасын өркүндөтүү, республиканын отун-энергетикалык комплекс ишканаларынын жабдууларынын күз-кыш мезгилин өтүүгө даярдыгын жана башка иш-чараларды көзөмөлдөө боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды.
«Мен Комиссиянын корутундусу менен таанышууда Бишкек ЖЭБдеги орун алган абалга ишке болгон шалаакылык мамиле себеп болгон деген пикирге келдим, анын натыйжасында кышкысын шаар толугу менен жылуулуксуз калды, бул – кечирилгис нерсе. Аталган факты боюнча, тийиштүү жетекчиликтин жана компания кызматкерлеринин, бардык чиновниктердин аракеттерине юридикалык баа берүү тууралуу менин кайрылуум боюнча, Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иш-чаралары жүрүүдө», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариянын себептерин жана ЖЭБди модернизациялоо боюнча алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары эске алынаарын баса белгиледи.
Премьер-министр тапшырмасы боюнча тартиптик чаралар кабыл алына турган жактардын тизмеси:
Бишкек шаардык ЖЭБ боюнча:
— Мындан мурда Бишкек шаардык ЖЭБ директору Омуркул уулу Нурлан кызматынан алынган, буга катар Бишкек шаардык ЖЭБ жетекчилик курамынын бир катар кызматкерлерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушталууда.
«Электр станциялары» ААК боюнча:
Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын начальниги Сергей Абдулхаировго катуу сөгүш жарыялансын.
Техникалык директор Алмаз Жусупбеков, гидротехникалык кызматтын начальниги Кубанычбек Манкиев, жылуулук техникалык жабдууларын пайдалануу жана ремонттоо кызматынын начальниги Урмат Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулсун.
Белгилүү болгондой, мындан мурда башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматтан бошотулган.
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК боюнча:
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башчысынын орун басары Нурлан Садыковго катуу сөгүш жарыялансын.
Энергетикалык тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар боюнча:
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш жарыялансын.
Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялансын.
Количество просмотров: 36