Президент менен экс-президенттин жолуккандыгы тууралуу алгачкылардан болуп akipress агенттиги жазып чыкты. Президент Жээнбеков болгондон кийин биринчи Жээнбеков Атамбаевди кабыл алды же жолукту деп жазыш керек болчу. Өздүк булактарына таянган akipress Атамбаев менен Жээнбеков жолукту деп, экс-президентти биринчи планга чыгарып жазышкан.
Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында эч кандай маалымат жок. Демек жолугушуу тууралуу жар салуу Сооронбай Жээнбековго анчейин деле кереги жоктой. Ал эми жакында КСДПнын съездин өткөрөбуз деп жаткандарга «пиар» үчүн бул маалымат аябай керектей сезим калтырат.