• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жеңилдетилген ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6% чейин кыскартуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды

23 Бугу 201911:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Арзан турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруунун алкагында берилген ипотекалык насыялардын пайыздык үстөгүн жылдык 6% чейин кыскартуу маселесин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын төрагасы Бактыбек  Шамкеев, “Бүгүнкү күнү 13 өнөктөш банк аркылуу 4,6 млрд сомдон ашуун суммага 4 миңден ашык ипотекалык насыя берилген, ал эми насыялар боюнча пайыздык үстөктөр жылдык 7-9% чейин кыскарган”-билдирди.

Ал эми, Өкмөт башчы «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар бюджеттен тышкары каржылоо булактарын тартуу жана катышуучулардын санын көбөйтүү аркылуу «Арзан турак-жай» программасын мындан ары карай өркүндөтүүнү камсыз кылууга тийиш экендигин айтты.

«Мамлекеттик ипотека тутуму чындап арзан болушу керек жана бюджеттик тармактын гана эмес, калктын бардык категорияларын камтуу боюнча маселелерди чечүү кажет. Насыялар боюнча үстөктөрдү жылдык 6% чейин кыскартуу, ошондой эле аларды берүүнүн айрым шарттарын кайра карап чыгуу, жеңилдетилген насыя мөөнөтүн узартуу маселесин кароо, айыл жерлеринде насыя алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарыл», – деди Премьер-министр.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Экономика министрлигине бул жааттагы бир катар укуктук ченемдик актыларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү тездетүүнү тапшырды.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортсунда 2017-2018-жылдарга карата «Экономиканы туруктуу өнүктүрүү» багытынын «Турак жай курулушун каржылоо» компоненти боюнча Техникалык жана финансылык кызматташуу жөнүндө келишимдин алкагында 11 млн евро инвестициялык каражаттарын өздөштүрүүнү тездетүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 18