• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жеңилдик менен пенсияга чыгууну жоюу сунушталууда

11 Чын куран 2022 13:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата  милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын  өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүүдө.

Реформалоонун ичинде жеңилдик аркылуу пенсияга чыккандардын курагын аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп чектөө маселеси камтылган.

«Ар бир экинчи улгайган жаран пенсияга жеңилдетилген шарт менен чыгып жатат. Бүгүнкү пенсионерлердин 40% — жеңилдик алуучулар. 13 жыл, 8 жыл эрте чыгып алгандар бар. Жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн жок дегенде этап-этабы менен алты айдан болсо да жогорулатуу керек. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу дегенди да таптакыр жок кылалы деп жатабыз – аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп бекитүү сунушталып жатат”, — деди Гүлнара Жуматаева.

Реформалоого аскердик кызматкерлердин пенсиясын 16 пайызга чейин оптимизациялоо, пенсиялык топтомду чет өлкөлүк валюталар менен жүргүзүүгө уруксат берүү, мамлекеттик топтомо фонддон ипотекалык насыяга баштапкы төлөм үчүн же онкологиялык оорулар жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандарга берүү маселелери да айтылды.

Количество просмотров: 1933