• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жеңиш Молдокматов: Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун

9 Жалган куран 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана жарандык активисттер катышып жатат.

Алар бийликке «Легитимсиз парламент тарасын», » Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун», «Тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындалсын» деген талаптарды коюп жатышат.

«Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп атат. Азыркы жүрүп жаткан саясий реформаны токтотуу. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Ошондой эле легитимсиз парламент тарап, каржылоо токтотулушу керек. Ага каршы бүгүн тынчтык митингине чыгып атабыз», — деди Молдокматов.

Белгилей кетсек, Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Количество просмотров: 229