• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жеңишбек Жумакадыр: Кыркар тоо байлык берсе да, кыргыздын тойбойт чоңдору!

4 Аяк оона 2019 13:24 Бишкек Govori.TV

«Кыркар тоо байлык берсе да, кыргыздын тойбойт чоңдору!
Менден жеди тойбоду, сенден жеди тойбоду,
6 миллион канча жыл элден жеди тойбоду.
Кумтөрүңдү баш кылып төрдөн жеди тойбоду,
Көк асмандай чайпалган көлдөн жеди тойбоду,
Анысы ас келгенсип көкүрөгү сокурлар көрдөн жеди тойбоду.
Көп нерсени катып жеди тойбоду, ырыскынын баарысын сатып жеди тойбоду,
Чет өлкөдөн карызды алып жеди тойбоду, бербей койсоң артынан барып жеди тойбоду. Айтыш күнү келгенде ушинтип айта турган күн бирөө кааласаңар сөккүлө да, кааласаңар сүйгүлө! кыргыздын шоруна калган бизде эки жүздүү үй бүлөө.
Бирөөсү болсо атасы да, бирөөсү өкүл баласы.
Бирөөсү болсо кудасы, бирөөсү болсо бажасы.
Бирөөсү болсо жеени, бирөөсү болсо тагасы.
Чоң кызматтарга орношуп, чырмалышкан да карачы.
Булар качан бүтөт деп, кыргыздын бүтпөйт санаасы.
Колдон келбейт эч нерсе, кулкунуң ачып баарыңдын, ошо кудайга койдум бир гана!»,-мындай ыр саптарын төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Бишкекте өткөн эл аралык айтышты айтты.

Количество просмотров: 7738