• Дүйшөмбү 24 Үчтүн айы 2022

ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын жери мыйзамдаштырылды

2 декабря 2021 в 11:11 Бишкек Govori.TV

ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 гектар жер мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду (трансформацияланды).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Белгилесек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

Количество просмотров: 128

"Асман" шаары курулсунбу?

Жыйынтыгын көрүү

Парламенттик шайлоо
Бирдиктүү шайлоо округу

«ЫЙМАН НУРУ»

79 489
6.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»

90 861
7.03%

«АЛЬЯНС»

107 587
8.32%

«ЫНТЫМАК»

142 128
10.99%

«ИШЕНИМ»

176 146
13.62%

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»

223 773
17.30%

Биздин команда