Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өттү. Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн. Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочулар жагдайды жеңилдеткен жана оорлоткон учурларды эске алып, айыпталуучуларды күнөөлүү деп табууну суранышты. Аны менен кошо эле төмөнкүдөй жаза берүү сунушу болду: