Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.
6-августта Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу иш каралып, Биринчи май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүлдү.
Ага ылайык, Айбек Калиев жазасын түзөтүү колониясында 2 жыл 6 ай өтөмөкчү. Мындан тышкары 100 миң сом айып төлөйт.
Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айыпка жыгылды.
«Электрдик станциялар» ААКнын мурунку директору, райондук сот тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылган Узак Кыдырбаев жаза мөөнөтү буткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.
«Электрдик станциялар» ААКнын директорунун мурунку биринчи орун басары Бердибек Боркоев, Бишкек ЖЭБдин мурунку директору Өмүркул уулу Нурлан жана Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин мурунку орун басары Нурлан Садыков биринчи инстанциянын өкүмүнөн кийин күнөөлөрүн моюндарына алуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Аларды сот залынан бошотушуп, жаза мөөнөтүн өтөөнү айып төлөөгө чегеришти.
Эске салсак, жалпы жонунан Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча беш кылмыш иши козголгон. Модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге айып коюлган.
2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.