• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖЭБде авариялык абал жаралдыбы?

25 Үчтүн айы 2022 14:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек ЖЭБинде буу чыгаруу жүрүп жатат, бул кадимки көрүнүш. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Болгону технологиялык буу чыгаруу болуп жатат»,-деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, бүгүн Борбордук Азиянын бириккен энергетика системасында авария болуп, электр жарыгы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда өчүрүлгөн.

Кыргызстанда электр жарыгы болжол менен бир сааттан кийин калыбына келтириле турганы айтылды. Кыргызстан Борбор Азиянын бириктирилген энергошакекчесинен чыгып жатат.

Эске салсак, мындан туура 4 жыл мурун тагыраагы 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБде авария болуп шаардыктар 5 күн бою жылуулуксуз калышкан.

Количество просмотров: 303