Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 2 миң тонна дизель майын жөнөттү. Бул тууралуу маалымат коңшу мамлекеттин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына жарыяланды.
Билдирмеге караганда, мындай тапшырманы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев берген.
Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн.
Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча комиссия иш алып барууда.