• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖЭБдеги авариядан жабыркаган эки жарандын абалы айтылды

6 Бирдин айы 2024 15:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) орун алган авариядан жабыркаган эки жарандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Haberler басылмасы Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Дашка шилтеме берип жазып чыкты.

«Чындыгында жарааттар абдан оор. 60%дан ашыгы 3-даражадагы күйүк. Биз дароо аларды дарылоого кириштик. Азыркы учурда бейтаптарды хирургиялык жана медикаментоздук дарылоо жүргүзүлүүдө. Дарылоо узак убакытка созулат», — деди дарыгер.

Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу оорукананын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут кабарлагандай, тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери хирургиялык реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Алардын абалы туруктуу.

Эске сала кетсек, 4-февралда Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркаган эки жаран, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 590