• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу министрге сөгүш берүү сунушталды

11 Чын куран 2024 13:57 Бишкек Govori.TV

2-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Энергетика министрине жана орун басарына сөгүш берүү сунушталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, комиссия төмөндөгүдөй сунуштарды берген:
— энергетика министрине сөгүш;
— энергетика министринин орун басарына катуу сөгүш;
— Бишкек ЖЭБинин бир катар кызматкерлерине карата тартиптик жаза.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария катталган. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Күйүк алган кызматкерлер Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 90