• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө кирди

2 Бирдин айы 2024 10:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ЖЭБде 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

«Шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 99