• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу Өзбекстан суюлтулган газ баллондорун жөнөттү

3 Бирдин айы 202416:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек ТЭЦтеги кырдаалга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөттү. Бул тууралуу ыкчам штабдан кабарлашты.

Бүгүн, 3-февралда Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жардам катары 9 ИСУЗУ жүк ташуучу унаасы менен 1 миң газ баллон «Бек-Абад» автожол посту аркылуу Жалал-Абад шаарына кирди.

Учурда жүк «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кампасына жыйналып, ал жерден Бишкекке жөнөтүлөт.

Жүктү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары Дамир Токтогулов кабыл алды.

Количество просмотров: 154