• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

ЖЭБдеги кырсыкта жабыркаган кызматкер үй менен камсыздалды

7 Кулжа 2024 12:24 Бишкек Govori.TV

 Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкта жабыркаган кызматкерге үй менен камсыздалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш Талайбек Ибраевдин өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү зарылчылыгы жөнүндө тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

«Жабырлануучуга Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги ишкананын балансындагы үйдө жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап келген. Ошондой эле дагы эки жабырлануучунун моралдык чыгымынын орду толтурулганы айтылды. “Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Азамат Абдыкадыров, Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Алпбек Садыров жана директордун орун басарлары жабырлануучуну көргөнү барышты»,-деп жазылат маалыматта.

Анда Алпбек Садыров жабырлануучунун ден соолугунун абалы менен таанышып, тезирээк калыбына келтирүү үчүн ишкана тарабынан бардык чаралар көрүлөрүн, зарыл жардамдар көрсөтүлүп турарын белгиледи.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде болгон аварияда 5 кызматкер жабыркаган. 80-90% күйүк алган эки жабырлануучу президенттин тапшырмасы менен Түркияда дарыланышкан. Андан соң алар Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реаблитациядан өтүшкөн болчу.

Количество просмотров: 133