• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖЕЭК жыйыны президент Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт

21 Бугу 2022 9:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чараны видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана башкалар

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Эске салсак, 2022-жыл ичинде Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

Количество просмотров: 162